Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 18.10.2019 13:09

Ысык-Көлдө өз жанын кыюу фактыларын алдын алуу жолдору талкууланды

Turmush -  Ысык-Көл районунда өспүрүмдөр арасындагы өз жанын кыюу фактыларын алдын алууга багытталган иш-чара өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

«Эрте кеткен турналар» аттуу иш-чарага өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Катышуучулар өз жанын кыюу учурларын алдын алуунун жолдорун талкуулашты. Соңунда бул көйгөйлөр камтылган тасма көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×