Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 21.10.2019 10:16

Ысык-Көлдө бир жуманын ичинде 1,5 миңден ашык айдоочу айыпка жыгылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу максатында облустук ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан рейд жүргүзүлүүдө.

Маалым болгондой, 10-18-октябрь күндөрү облус боюнча жол эрежелерин бузган 1527 айдоочуга протокол түзүлсө, анын ичинен 20дан ашык айдоочу мас абалда экени аныкталган. Жалпы 33 унаа айып короого токтотулган.

Ошондой эле унаанын терезелерин караңгылатып алган 3 айдоочуга, техникалык кароодон өтпөгөн 6, унаага тиешелүү документтери жок 16, жол белгилерине баш ийбеген 5, ылдамдыкты ашырып айдаган 458 айдоочуга жана жолдо жүрүү эрежелерин бузган 13 жөө жүргүнчүгө протокол түзүлүп, айып салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×