Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 22.10.2019 14:43 На русском

Кырчынга орнотулган 2 млн сомдук дааратканалар учурда кайда экени айтылды

Turmush -  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маалында Кырчын жайлоосуна 2 млн сомго орнотулган дааратканалар азыр кайда экени облустук коллегияда айтылды, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн 2019-жылдын 25-июнундагы №238 тескемесинин негизинде дааратканалар облустун район жана шаарларына бөлүштүрүлгөн. Жалпы 15 даараткана облустун аймагына туристтик мезгилге карата зарыл болгон жерлерге орнотулган.

Анын ичинен Түп районуна 5 орундуу даараткана берилген. Бирок ал максаттуу колдонулбай жаткандыгы айтылып, өкүл Түп районуна берилген даараткананы Ысык-Көл районуна алып кетүүнү тапшырды.

Буга чейин Кырчын жайлоосунда 2,6 млн сомго дааратканалар орнотулганы маалымдалган. Ар бир даараткананын ичинде суу агызуучу септик, электр жарыгы да болору айтылган. Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×