Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 25.10.2019 12:07

Ысык-Көлдө волейбол боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Темир айылында окуучулар арасында волейбол боюнча облустук турнир өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Турнир коомдук ишмер, академик Ильяз Касендеевдин 80 жылдыгына арналып уюштурулган.

Турнирдин жыйынтыгында 1-орунду Барскоон айылындагы №55 кесиптик лицей, 2-орунду Балыкчы шаарындагы №22 кесиптик лицей, 3-орунду Каракол шаарындагы №14 кесиптик лицей ээледи.

Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөр кубок жана белектерге ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×