Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 25.10.2019 15:55

Сүрөт — Ысык-Көлдө 100 жыл мурун жасалган боз үй

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында «Улуттук наркты урматта, баркта жана унутпай ата-салтыңды сакта» аттуу иш-чара болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Ысык-Көл райондук аялдар кеңешинин мүчөлөрү, ардагерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын алкагында Кара-Ой айылында курулуп жаткан үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын курулуш иштери менен таанышуу болду. Андан соң иш-чара Кара-Ой айылындагы маданият үйүндө уланып, анда айылдык аялдар кеңеши бир жылда аткарган иштери тууралуу отчет беришти.

Мындан тышкары «Апалардан алтын сабак» жамааты боз үй тигүү боюнча мастер-класс уюштуруп, жамааттын мүчөлөрү тарабынан жасалган жаңы боз үй жана 100 жылдык тарыхы бар боз үй тигилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×