Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.11.2019 19:00

Ысык-Көлдө 62 млн сомго суу топтоочу жай курулду

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында суу топтоочу жай курулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, эми 330 гектар жер өздөштүрүүгө берилет. Учурда айылды сугат суу менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат.

«Жарым миллион куб суу топтоочу жай эми 700 гектардан ашык айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. Долбоорго Кытайдан 62 млн сом грант бөлүнгөн», - деп билдиришти райондук администрациядан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×