Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 11.11.2019 18:16

Ысык-Көлдө Ооган согушунда курман болгон С.Габитов эскерилди

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында Ооган согушунда курман болгон Саламат Габитовдун жаркын элесине арналган футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке Өрнөк, Чоң-Сары-Ой, Чок-Тал, Сары-Ой, Бает айылдарынын командалары катышты. Жеңүүчү команда Саламат Габитовдун сүрөтү түшүрүлгөн сыйлыктарга ээ болду.

Саламат Габитов 1966-жылы туулган. 19 жаш курагында Ооган согушунда курман болгон. Анын айылдаштары жыл сайын маркумдун элесине арнап спорттук мелдештерди өткөрүп келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×