Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.11.2019 17:48 На русском

Беш адамдын өмүрүн алган жол кырсык: Ахматов аялы, кызы жана небересинен ажырады. Видео

Родственники погибших в ДТП
Родственники погибших в ДТП
// Turmush

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсык боюнча козголгон кылмыш иштин материалы каралып баштады.

Маалым болгондой, жол кырсык ушул жылдын 30-августунда катталган. «БМВ Х5» жана «БМВ 525» унаалары Балыкчы шаары менен Сары-Камыш айылынын ортосундагы унаа жолдо сүзүшкөн. Бул жол кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болгон, анын ичинде Россиянын дагы жараны бар болчу.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, унааны башкарып бара жаткан аял мас абалда болгон. Жол кырсыктан кийин ал медициналык текшерүүдөн өткөн, анын жыйынтыгында ал мас абалда экендиги аныкталган. Аял рулга ээ боло албай, карама-кашы тилкеге чыгып кеткен деген версия дагы айтылып жатат.

1978-жылы туулган Ф.Елена башкарып бара жаткан «БМВ Х5» унаасында 1981-жылы туулган Вячеслав жүргүнчү катары бара жаткан. Ал баш мээсинен жаракат алган. Елена 2 айга камакка алынган.

Ал эми 12-ноябрга белгиленген соттук отурум 26-ноябрга жылдырылды. Мындай чечим жабырлануучу тараптын бири жок болгондугуна байланыштуу кабыл алынган.

Бахтияр Ахматов Turmush басылмасына берген комментарийинде билдиргендей, ал жол кырсыктын кесепетинен жубайынан, кызынан жана небересинен ажыраган.

«Мен бул жол кырсыктын негизги жабырлануучусу болуп эсептелем. Себеби, мен үч муунду жоготтум. Жубайыман, кызыман жана неберемен ажырадым. Абдан оор болду.

Жол кырсыкка мас абалда унаага отуруп, катуу ылдамдыкта келе жатып, башка унааны сүзүп алган айдоочу күнөөлүү. Ал 5 адамдын өмүрүн алды. Сурактын протоколунда ал 100 грамм ичкендигин, саатына 60-65 чакырым ылдамдык менен бара жатканын көрсөтүптүр. Жок дегенде өкүнүп, туурасын жазбаптыр. Бул резонансттуу иш, анткени жубайым Россиянын, неберем Түркиянын жараны болчу», - деди Ахматов.

56 жаштагы Гүлнара Узакованын айтымында, жол кырсыктан анын уулу каза болгон. Ал «БМВ» унаасында бара жаткан. Ал мыйзам чегинде күнөөлүүлөрдү жазалоону өтүндү.

Түркиянын жараны Атеш Мехмет Алинин жол кырсыктан аялы жана кызы каза болгон.

Соттолуучунун энеси каза болгон адамдардын жакындарынан кечирим сурады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×