Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 19.11.2019 20:18

Ысык-Көлдө өспүрүмдөргө насыбай, спирт ичимдик саткан дүкөндөр аныкталды

Turmush -  Ысык-Көл районунда өспүрүмдөргө насыбай, спирт ичимдиктерди жана клей саткан соода түйүндөрүн аныктоо максатында рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, рейдге райондук мамлекеттик администрациянын адистери, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору, социалдык коргоо бөлүмүнүн адистери катышты. Рейддин жүрүшүндө өспүрүмдөргө тыюу салынган зыян заттарды саткан 5 дүкөн аныкталып, ээлерине протокол түзүлдү. Ошондой эле дүкөндүн ээсин жоопкерчиликке тартуу маселеси дагы каралды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×