Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 25.11.2019 18:44

Ысык-Көлдө тез тамактануучу жана күйүүчү май куюучу жайлар текшерилди

Turmush -  Ысык-Көл районунда өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Мамэкотехинспекциянын Балыкчы, Чолпон-Ата шаарлары, Ысык-Көл, Тоң райондору боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тез тамактануучу жайларды, газ баллон саткан жерлерди жана күйүүчү май куюучу жайларды текшеришти. Адистер өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тиешелүү жабдыктар коюлушу шарт экендигин эскертишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×