Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 28.11.2019 15:29

Ысык-Көлдө «Биз биргебиз» кайрымдуулук концерти өттү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 3-декабрь — Эл аралык майыптарды коргоо күнүнө карата «Биз биргебиз» кайрымдуулук концерти өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Концерт облустун район-шаарларында эмгектенген маданият кызматкерлери тарабынан даярдалды.

«Концерттен түшкөн каражат социалдык колдоого муктаж, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга берилет», - деп билдиришти өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн.

Облустун аймагында 8 миңге жакын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Анын ичинде 3403 жаш бала бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×