Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.03.2014 15:12

Ысык-Көл райондук жергиликтүү кеңештин депутаттары акимдин маалыматын угат

Turmush -  Эртең, 4-мартта Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында Ысык-Көл райондук жергиликтүү кеӊештердин кезектеги кошмо жыйыны өткөрүлөт. Бул тууралуу райондук жергиликтүү кеӊештердин кошмо жыйынынын төрагасы Болот Исмаилов аймактык кабарчыга билдирди.

Күн тартибине эки маселе коюлган: биринчи маселе - Ысык-Көл райондук жергиликтүү кеӊештеринин кошмо жыйынынын жумушчу органын шайлоо, экинчи маселе - Ысык-Көл раймамадминистрация башчысы - акимдин 2013-жылдагы райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана 2014-жылга карата коюлган милдеттер тууралуу маалыматын угуу жана баа берүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×