Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 11.03.2014 10:49

Ысык-Көлдүн Семеновка айылындагы мектептин чатыры кар күрткүсүн көтөрө албай сынып түштү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айыл аймагында кечээ, 10-мартта саат 06:00 чамасында шамал болуп, П.Ф.Колесников атындагы орто мектебинин чатырына күрткү топтолуп калган.
Мектептин чатырынын устундары кардын оор салмагын көтөрө албай калгандыгынан, чатырдын 290м² (чатырдын жалпы аянты 1542м²) аянты сынып түшкөн.
Маалыматка таянсак, чатыр жыгач устундуу, шифер менен жабылган. Мектеп 1976-жылы курулган, 726 окуучу окуйт.
Райондук жарандык коргоо комиссиясынын актысынын негизинде материалдык чыгым 33 миң 410 сомду түздү.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×