Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 11.03.2014 13:26

Ысык-Көлдүн Семеновка айыл аймагында кар күрткүнү көтөрө албай, чатыры ураган мектептин сүрөтү

Turmush -  Ысык-Көл районундагы Семеновка айыл аймагында кечээ, 10-мартта саат 06:00дөр чамасында шамал болуп, П. Ф. Колесников атындагы орто мектебинин чатырына кар күрткү топтолуп калган.

ӨКМ басма сөз кызматы маалымдагандай, мектептин чатырынын устундары кардын оор салмагын көтөрө албай калгандыгынан, чатырдын 290 м² (чатырдын жалпы аянты 1542м²) аянты сынып түшкөн.

Чатыр жыгач устундуу, шифер менен жабылган.

Мектеп 1976-жылы курулган, 726 окуучу окуйт. Райондук жарандык коргоо комиссиясынын актысынын негизинде материалдык чыгым 33410 сомду түзгөн.

12345

4321

321

1234

123

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×