Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.04.2014 19:00

Ысык-Көлдө жарандык коргоо планынын негизинде бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү

Turmush -  2009-жылдын 20-июлунда кабыл алынган №239 «Жарандык коргоо» мыйзамынын негизинде жана КР башка укуктук - нормативдик актылары менен бирге Ысык-Көл районунун Жарандык коргоо планынын негизинде бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган райондун администрациясы билдирди.
Кумбел айыл аймагынын Корумду айылында жайгашкан «Кара-Коо» сел коркунучу бар тилкесиндеги каналды механикалык тазалоо иштери башталып, КР ӨКМ өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча түндүк борбору тарабынан 31-мартта 670 метр аянтында иш толугу менен аткарылды.
Мындан ташкары, Тору-Айгыр айылында селден сактоо дамбасын куруу иштери 20-мартта башталып, бүгүнкү күнү суммасы 6 млн 200миң сом болгон, узундугу 703 метр габион сетка менен таш тизилүүдө.
Пристань-Григореевка авариялык калыбына келтирүү иштери толугу менен бүтүп, жалпы суммасы 300 миң сом болгон жалпы узундугу 100 метр габион сетка менен таш тизилди.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×