Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 26.04.2014 09:50

Ысык-Көл районунун тургундары арзандатылган насыя алууга муктаж

Turmush -  Ысык-Көл району жазгы талаа жумуштарында бир катар иштерди аткарууда. Бирок, дыйканчылык иштерин кеңейтүүгө жергиликтүү калк насыя ала албай жатышат. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук айыл чарба башкармалыгынын башчысы Токторбай Исаков билдирди, деп маалымдады аймактык кабарчы.

Т.Исаковдун айтымында, жергиликтүү тургундарга арзандатылган насыя берүү үчүн өкмөткө кайрылат: «Учурда чакан насыялык компаниялардан насыя алган көпчүлүк эл, арзандатылган насыя ала албай жатат. Кээ бир тургундар насыя берүүчү майда компанияларга болгону 3-4 миң сом гана карыз. Ошонун айынан башка жерден насыя ала албай жазгы талаа жумуштарын жасай албай отурушат. Мен учурдан пайдаланып өкмөткө кайрылат элем. Элдерге жеңилдетилген насыяларды берсе жакшы болмок» , -деди Т.Исаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×