Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 07.05.2014 10:19

Ысык-Көл районунда карачылыкка шектүү жаран кармалды

Turmush -  Ысык-Көл РИИБнын кызматкерлеринин «Бандит» операциясынын жүрүшүндө каракчылыкка шектүү болуп, буга чейин соттолгон 28 жаштагы Чоң-Сары-Ой айылынын жашоочусу С.Дөөлөт кармалган, ал өзгөчө оор кылмыш кылгандыгын өз мойнуна алган.

Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдиргендей, ушул жылдын 17-мартында белгисиз адамдар Бактуу-Долоноту айылынын жашоочусуна келип, аны бычак жана монтировка менен коркутуп, башында аны сабап, андан кийин сейфтен 300 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарын алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факт боюнча Ысык-Көл РИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда аталган каракчылык иштерине катыштыгы бар адамдарды кармоо боюнча оперативдүү-издөө иш-чаралары жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×