Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.05.2014 10:37

Ысык-Көл районунда уурулукка шектүү эки өспүрүм кармалды

Turmush -  Ысык-Көл РИИБнын кызматкерлеринин «Бандит» операциясынын алкагында Ананьево айылынын жашоочулары, өспүрүмдөр О.Темиркан менен К.Жаныбек кармалышты.

Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, кармалгандар ушул жылдын 29-апрелинде дүкөндөн 135 миң сомго товарларды уурдап кетишкен.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган өспүрүмдөргө эч жакка кетпөө жөнүндө колкат менен чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×