Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 09.05.2014 15:40

Биринчи вице-премьер Т.Сарпашев Ысык-Көлдөгү жаңы мектептин курулушун баштоо иш чарасына катышты (фото)

Turmush -  КР биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев бүгүн, 9-майда Ысык-Көл районундагы жалпы билим берүүчү жаңы мектептин пайдубалын түптөө иш чарасына катышты. Мектепти куруу иштеринин башталышы Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына туура келди, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Т.Сарпашев сөз сүйлөө учурунда билдиргендей, жакынкы күндөрү Ысык-Көл районунда республикалык бюджеттин эсебинен жаңы 2 мектептин курулушу башталат.

Орто-Өрүктү айылындагы мектеп 260 орунга ылайыкташтырылып, аны куруу иштери үчүн бул жылы 20 млн сом бөлүнөт. Бул мектепти 2015-жылдын 1-сентябрында пайдаланууга берүү пландалууда.

школ

школ1

школ2

 

школ3

школ4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×