Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 19.05.2014 16:17

Ысык-Көл районунда жол кырсыгынан 4 адам жабыр тартты

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда жол кырсыгынын жыйынтыгында 4 адам жабыр тартты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жол кырсыгы Каракол—Балыкчы унаа жолунун 72-чакырым жолунда 17-майда болжол менен саат 22:05тер чамасында болгон.

Анда «Фольксваген-Пассат» (мамномер В 46-30Х) жана «Тойота-Камри» (мамномер S 3097 AA) унаалары кагылышып, жыйынтыгында 4 адам жабыр тарткан.

Куткаруу кызматынын кызматкерлери жабыр тартуучуларды унаадан чыгарып, тез жардам кызматынын дарыгерлерине өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×