Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 27.05.2014 17:23

Фото - Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында УКТ мүчөлөрүнө тийиштүү болгон курал-жарактар сакталган жер табылды

Turmush -  Бүгүн, 27-майда Ысык-Көл облусунун Семеновка айылынын Кырчын капчыгайындагы тоодо Ысык-Көл облусунун ИИБнын кылмыш-издөө борбордук аппаратынын кызматкерлери тарабынан курал-жарактар сакталган жер табылды.

Оперативдүү кызматкерлер Тянь-Шань карагайынын алдында курал жарактарды казып чыгышкан, анын ичинде атайын өчүрүлгөн номерлери менен октолуу гранатомёттун эки бирдиги табылган.

Табылган куралдарды эми Ысык-Көл облусунун ИИБна алып барышат, анда баардык тиешелүү экспертизалар жүргүзүлөт.

Болжолдуу маалыматтар боюнча гранатомёттор уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө тийиштүү. Ысык-Көл облусунун ИИБнын кылмыш издөө башкармалыгынын башчысы Тилек Түкебаевдин айтуусу боюнча, эми алар куралдарды сактаган жерге тийиштүү болгон адамдарды аныктоо боюнча такай иштерди жүргүзүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×