Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.06.2014 14:10

Ысык-Көлдөгү «Тулпар» пансионатын текшерүүдө өрт учурунда эвакуация планы өрткө каршы кызматы тарабынан бекитилбегендиги аныкталды (фото)

Turmush -  Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын кызматкерлери Бостери айылында жайгашкан «Тулпар» пансионатын текшерүүдө, өрт учурунда эвакуация планы облустук өрткө каршы кызматы тарабынан бекитилбегендиги белгилүү болду.

Мамлекеттик инспекциясынын экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Чолпон-Ата, Ысык-Көл жана Тоң району боюнча айымактык башкармалыгынын башчысы Таалайбек Карасартов билдиргендей, аталган пансионат 3 корпустан турат жана ал бир убакта 200 адамды кабыл ала алат.

Ошондой эле пансионаттын аймагында жеке коттедждер жайгашкан.

«Эвакуация планы бекитилген эмес, бул алар үчүн чоң кемчилик. Ошондой эле ар бир тосмодо «ПК - пожарная колонка» жазуусу болушу керек», -деди ал.

Т.Карасартов бул маселе боюнча аталган пансионаттын коргоо бөлүмүнүн жетекчилигине эскертүү айтып, көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу тапшырмасын берди.

Пансионаттарды өрт коопсуздугуна, тазалыкка жана тазалоочу курулмаларды текшерүү июнь айынын ортосуна чейин улантылат.

ТУлп 1

ТУлп 3

Тулп 4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×