Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 09.06.2014 17:33

Ысык-Көлдө учкучу жок GeoScan 101 аппараты менен жер бетинин сүрөтүн тартууну көргөзүү пландалууда

Turmush -  КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин «Мамжердолбоорлоо» институту тарабынан 13-июнда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда семинар-кеңешме өткөрүү каралууда, деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.
Семинар-кеңешмеде акыркы жылдары көптөгөн өзгөрүүлөргө туш болгон жер тилкелерин инвентарлоодо жардам катары колдонулуучу учкучу жок GeoScan 101 үлгүсүндөгү учуучу аппарат менен жер бетинин сүрөтүн тартууну көргөзүү каралууда.
Семинардын катышуучуларына Чүй, Ысык-Көл, Ош, Талас жана Нарын облустарынын Чүй, Аламүдүн, Сокулук, Араван, Түп, Нарын жана Бакай-Ата райондорунун айыл аймактарынын жерлерин инвентарлоо учурунда келип чыккан суроолорду мисал катары «Мамжердолбоорлоо» институтунун жетекчилери жана адистери жооп, түшүндүрмө беришет.
Эске салсак, май айында Ош облусунун Ноокат районунда жогоруда аталган аппараттын презентациясы болуп өткөн.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×