Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 11.06.2014 18:52

Ысык-Көлдүн «Кырчын» жайлоосунда «Ынтымак» курултайы өткөрүлөт

Turmush -  Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 21-июнда Семенов айылындагы «Кырчын» жайлоосунда «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын» алкагында «Ынтымак» курултайы өткөрүлүүсү күтүлүүдө.

Бул иш-чара Ысык-Көл районунун элин ынтымакка, биримдикке, достукка үндөө максатында уюштурулууда.

Аталган курултайга Ысык-Көл районунан чыккан коомдук ишмерлер, академиктер, профессорлор, чыгармачыл адамдар, жазуучулар жана башка элге эмгеги сиңген инсандар катышмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×