Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 12.06.2014 17:43

Ысык- Көлдө мамлекеттик кызматкерлердин ишин жакшыртуу үчүн мыйзам долбоору талкуланат

Turmush -  Ысык- Көл областынын Чок- Тал айылындагы отелдердин биринде 11-14 июнь күндөрү КР «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматы» боюнча мыйзам долбоору талкуланат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди, деп маалымдайт аймакты кабарчы.

Талкууга Жогорку Кенештин депутаттары, президенттин, өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаардык мэрлери, жергиликтүү башкаруу органдары, серепчилер катышышы пландалууда.

Долбоордун максаты адискөй адистерди тартуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жакшыртууга багытталган. Ал Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан, эл аралык уюмдардын колдоосу менен иштелип чыккан.

Долбоор 2014- жылдын апрель айында коомчулуктун талкуусуна алып чыгарылган. Ал эми Ысык- Көлдөгү өткөрүлчү акыркысы болуп, андан кийин долбоор КРнын Өкмөтүнүн кароосуна жөнөтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×