Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 14.06.2014 12:41

Фоторепортаж - Ысык-Көл районунда өрт өчүрүүчү жай ачылды

Turmush -  Бүгүн, 14-июнда Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында өрт коопсуздук жайынын ачылышынын салтанаттуу аземи болду, деп билдирет аймактык кабарчы. Ага Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, өрт куткаруу кызмат агенттигинин директору Нуржан Асанбеков  жана ӨКМдин облустук, райондук башкармалыгынын башчылары жана өрт өчүрүүчүлөр катышты.

Булан-Сөгөттү айылында өрт өчүрүү жайынын жоктугу 20 жылдан бери көйгөй жаратып келген. Маселени чечүү үчүн бул айылга 2013-жылы министрликтен акча бөлүнүп, бүгүнкү күндө бүткөрүлдү.

Ысык-Көл районунда буга чейин 4 өрт өчүрүү жайы бар болчу. Ысык-Көл облусунда жалпы 364 адам өрт өчүрүү кызматында иштешет.

Белгилей кетсек, Булан-Сөгөттү айылындагы өрт коопсуздук жайы 15-июнь өрт өчүрүүчүлөр күнүнө карата ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×