Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 16.06.2014 18:03

Ысык-Көл облусунда «Ачык Ысык-Көл» 2-фестивалы өттү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 14-15-июнда тынчтыкты, достукту жана эл аралык өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө урааны менен «Ачык Ысык-Көл» 2-фестивалы өттү.

Фестивалдын салтанаттуу ачылышы «Рух Ордо» маданий борборунда өттү, анын алкагындагы расмий бөлүгүндө Жогорку Кеңештин депутаттары, коноктор сөз сүйлөштү.

14-июнда Чолпон-Атанын аэропортунун аянтында авиаавтомотошоу көрсөтүлдү. Парашютттук спорттун чеберлери парашют менен секирүүнү көрсөтүштү.

15-июнда Бостери айылындагы ипподромдо ат чабыш, Чолпон-Атанын яхт-клубунда суу алдында багыт алуу жана Семеновка капчыгайында мотошоу болуп өттү.

Иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Акылбек Жаныбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Бахтияр Кадыров, Мирлан Төрөбеков ошондой эле ардактуу коноктор, Россиянын, Белоруссиянын баатыр космонавттары Олег Нацивский, Кыргызстандын жана Россиянын баатыры Салижан Шарипов катышты.

IMG_0824

IMG_0833

IMG_0837

IMG_0857

IMG_0867

IMG_0860

IMG_0882

IMG_0886

IMG_0889

IMG_0896

IMG_0893

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×