Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 23.06.2014 12:00

Фото — Ысык-Көлдө Ынтымак курултайы өттү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семенов капчыгайында мамлекеттүүлүктү чыңдоо жылына арналып, Ынтымак курултайы өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, курултайга өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Каптагаев, Жогорку Кенештин депутаты Данияр Тербишалиев, аталган райондун белгилүү инсандары жана айыл тургундары катышты.

Жергиликтүү бийлик органдары атайын курултайдын конокторуна арнап боз үйлөрдү тигип, аркан тартыш, кыргыз күрөш, жаа атмай сыяктуу жана башка кыргыздын улуттук оюндарын уюштурушкан.

Курултайда көптөгөн актуалдуу көйгөйлөр менен катар Ысык-Көл облусунун экологиясы, жолу, көлдүн айланасында тазалыкты жана аймактагы туруктуулукту сактоо маселелери талкуулангандыгы маалымдалды.

Аксакалдар жана курултайдын катышуучулары улуттун баалуулуктарын, салтын, жана бабаларыбыз айтып келген жети акенин накыл сөздөрүн эстен чыгарбоо керектигин белгилешти.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө теарт артисттери театралдаштырылган көрсөтүү сунуп, эстрада ырчылары чоң концерт тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×