Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 26.06.2014 16:36

Ысык-Көлдө электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы пансионаттардын иштешине тоскоолдук жаратууда, - ишкерлер

Turmush -  Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурап жатышы Ысык-Көл районундагы пансионаттардын жайкы туристтик мезгилдеги ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратууда. Бул тууралуу Экономика министрлигинин түндүк аймактар аралык башкармалыгынын Ысык-Көл аймактык бөлүмү билдирди.

Аймактык кабарчы билдиргендей, аталган башкармалыкка Ысык-Көл районунда жайгашкан пансионаттар тарабынан электр энергиясынын жайкы туристтик мезгилде тынымсыз үзгүлтүккө учурап жаткандыгы жөнүндө кайрылуу түшкөн.

Ишкерлердин айтымында, Ысык-Көл районунун Бостери айлындагы «Толкун» фидери аркылуу берилүүчү электр энергиясы профилактикалык оңдоо иш-чараларына байланыштуу мезгил-мезгили менен өчүрүлүп, аталган фидер аркылуу электр энергиясын алуучу райондогу 24 пансионаттын иши жайкы туристтик мезгилде кыйынчылыкка туш келүүдө.

«Мындан тышкары, ишкерлерде электр энергиясынын качан жана кайсы убакытка чейин өчүрүлөөрү жөнүндө так маалыматтар жок болууда», - дешет алар.

Учурда Экономика министрлигинин түндүк аймактар аралык башкармалыгынын Ысык-Көл аймактык бөлүмү тарабынан бул маселени көзөмөлгө алуу боюнча «Чыгышэлектр» ААКсынакайрылуу жолдонду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×