Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 28.06.2014 13:30

Ысык-Көлдүн «Улан» эс алуу жайы алгачкы 120 баланы кабыл алды

Turmush -  Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы «Улан» балдар эс алуу жайы алгачкы эс алуучуларын кабыл алды.Бул тууралуу «Улан» эс алуу жайынан маалымдашкан деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, «Улан» эс алуу жайы Көл аймагынан барышкан 120 баланы кабыл алышты. Эс алуу жайынын жетекчилигинин айтымында балдар лагеринде эс алуу үчүн бардык тиешелүү шарттар түзүлгөн.

Жатакана жаӊы кровать төшөнчөлөр менен камсыздалган. Ар кандай оюн залдары бар. Көлдүн кумдуу жээги эс алуучулар үчүн ыӊгайлуу, кайык, катамарандар иштейт.

Куткаруучулар тобу көзөмөл жүргүзүп турат. Лагерде төрт маал тамак берилет. Тамак-аш продуктулары атайын текшерүүдөн өткөрүлүп, сертификаты менен алынат.

Окуучулар аталган эс алуу жайында көӊүлдүү эс алып, лагердин тарбиялануучулары уюштурган билимин өркүндөтүүчү , баланын ой чабытын өстүрүүчү ар кыл оюндар,спорттук иш чаралардын катышуучусу жана күбөсү болуп, көп нерселерди үйрөнүп, ден соолуктарын чыӊдап кайтышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×