Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 28.06.2014 14:46

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 4 адам жабыркады

Turmush -  Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында кечээ, 27-июнь күнү саат 17:00дөр чамасында Балыкчы-Каракол унаа жолунун 36-чакырымында мамлекеттик № B83-00I болгон «Ленд-Ровер» үлгүсүндөгү унаа менен мамлекеттик № S01-80АЕ «Ниссан-Микро» үлгүсүндөгү унаа кагышты. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Натыйжада «Ленд-Ровер» унаасынан 3 адам, «Ниссан-Микро» унаасынан 1 адам жабыркап, 1 адам каза болду.

Окуя болгон жерге ӨКМдин №31 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми каза болгон адамдын денесин милиция кыматкерлерине өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×