Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 30.06.2014 11:57

Ысык-Көл районундагы пансионаттардын тазалоочу курулмаларын атайын облустук комиссия текшерүүгө алды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл көлүн экологиялык жана техникалык абалын жакшыртуу максатында түзүлгөн облустук комиссия өткөн дем алыш күндөрү экологиялык техникалык инспекциясынын кызматкерлери, Ысык-Көл районунун акиминин орун басары жана массалык маалымат каражаттарыны өкүлдөрү менен биргеликте тазалоочу курулмалардагы жана экологиялык техникалык коопсуздук кемчиликтерин четтетүү жөнүндө эскертүү берилген пансионаттарды текшеришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Текшерүүнүн башталышында комиссиянын мүчөлөрү жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылынын «Золотой требос» пансионатын текшерүүгө алышты.

Аталган пансионат 2000 жылдары курулган жана 140 орундуу. Бирок, экологиялык талаптардын нормаларына жооп бербегендиктен, быйыл эс алуучуларды кабыл албайт. Ошондой эле пансионтаттардын аймагында жашылдандыруу иштери тийиштүү жүргүзүлбөй келет.

Экологиялык техникалык инспекциясынын кызматкерлерин айтуусунда пансионаттын паспорттоштуруу дагы болбойт, эгерде жетекчилер уруксатсыз иштеп башташса, анда толугу менен электр энергиясы өчүрүлөт.

Андан ары комиссия «Атырау» пансионатын текшерүүгө алынды. Пансионатты 15 күн мурда жеке адамдар ижарага алышкан. Учурда эскертүүгө ылайык, кемчиликтерди четтетүү жана аймакты жашылдандыруу боюнча иштер аткарылууда. Бирок, пансионатта тазалоочу курулмалар жок.

Комиссиянын мүчөлөрү кемчиликтерди толугу менен четтетүү үчүн дагы 3 күн убакыт беришти.

Тизме боюнча комиссия Кош-Көл айылындагы «Кыргыз таңы» пансионатынын тазалоочу курулмаларын текшерүүгө алды. Аталган пансионат экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча эскертүүлөрдү аткарбагандыгынан улам, бул жылы дагы эс алуучуларды кабыл ала албайт.

Бостери айылында жайгашкан «Береке» пансионаты дагы жакында эле тазалоочу курулмалар боюнча эскертүү алган.

1

3

4

5

7

8

9

10

11ъ

12

13

14

15

18

19  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×