Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 02.07.2014 13:12

Сары-Ой айылында жеке ишкерлердин колдоосу менен жаңы эмкана курулду

Turmush -  Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында жеке ишкерлердин колдоосу менен жаңы эмкана курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сары-Ой айылдык эмканасынын жамааты көл жээгиндеги «Радуга плюс» эс алуу жайынын ээлерине жаңы эмкана салып берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Эс алуу жайынын ээлери бул сунушту кабыл алып, айыл өкмөтү менен биргеликте 8 бөлмөлүү имарат салып беришти.

Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Сарбагышев маалымдагандай, жеке ишкерлердин жана айыл өкмөтүнүн колдоосу менен учурда Чоң-Сары-Ой айылында да эмкана курулууда.

Белгилей кетсек, эс алуу жайы менен жергиликтүү калктын ортосунда мындай кызматташтык 10 жылдан бери уланып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×