Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.07.2014 14:12

Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан дачада өрт чыкты

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан №22 «Общество здоровье» дачасынын ээси Н.Д.Прошиндин турак-жайынан өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт кырсыгында 30 чарчы метр бөлмөнүн полу, 4 терезе, 2 эшик, үстөл, 3 отургуч, муздаткыч, китеп салуучу стеллаж, 300 китеп, төшөнчүлөр күйүп кетти.

Маалым болгондой, электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу өрткө себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×