Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 29.01.2014 14:15

Ысык-Көл бийлиги президенттин «Даңк» медалына татыган билим берүү бөлүмүнүн жетекчисин куттуктады

Turmush -  Ысык-Көл районунун акими Р.Имангазиев райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Д.Абированын «Даңк» медалына татыганы үчүн куттуктап, мындан ары дагы көптөгөн ийгиликтерди каалоо менен алган сыйлыгы чоң жоопкерчиликти талап кылаарын кошумчалады.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы белгилегендей, өткөн жумада Ысык-Көл районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д. Абирова Ысык-Көл районунун билим берүү тармагын өнүктүрүүдө жигердүү ишмердиги үчүн президент А.Атамбаевдин колунан «Даңк» медалы менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×