Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 25.07.2014 17:41

Ысык-Көл району 6 ай жыйынтыгы менен бир дагы көрсөткүчү боюнча 100% план аткарган эмес, - Ж.Оторбаев

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл району 6 ай жыйынтыгы менен бир дагы көрсөткүчү боюнча 100% план аткарган эмес, деп билдирди бүгүн, 25-июлда өкмөттө өткөн жыйында премьер-министр Жоомарт Оторбаев.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, отчеттук мезгилде болгону 36 физикалык жана 100дөн ашуун юридикалык жак каттоодон өтүп, 1200 патент берилгендигин айткан өкмөт башчы, «Биз Ысык-Көлдө болжол менен 1 млн турист тосуп, 1 млрд сомдук акча каражаты жүгүртүлүшүн ниеттенүүдөбүз, ал эми Салык кызматы болгону 1 млн сом салыктык чогултуулар тууралуу билдирүүдө. Сиздер тараптан чогултууларды жогорулатуу боюнча эч кандай сунуштар келип түшкөн жок. Бюджет тууралуу биз гана эмес, бардыгыбыз бардык аймакта ой жүгүртүүбүз керек», - деди ал Ысык-Көл районунун акимине кайрылып.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×