Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 02.10.2014 13:37

Ысык-Көлдө 4 мектеп жана 2 бала бакча колдонууга берилет

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 4 мектеп колдонууга берилет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Ысык-Көл облусунун акими Райымбек Имангазиевдин айтымында, аталган райондо бүгүнкү күндө 30 мектеп иштеп жатса, 2 мектептин курулушу аяктоо алдында, ал эми, экөө курулууда.

«Биздин мугалимдерди куттуктоо менен бирге райондо жыл сайын билим берүү мекемелеринин абалын жакшыртуу аракеттери көрүлүп жаткандыгын белгилегим келет. Ошондой эле, көптөгөн жылдардан бери биздин район билим сапаты боюнча 1-орунду ээлеп келет», - деди аким.

Аны менен катар, Ысык-Көл районунда 14 бала бакчанын иштеп жаткандыгын жана жакында 2 мектепке чейинки билим берүү мекемеси оңдолуп, колдонууга берилерин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×