Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 16.10.2014 11:39

Ысык-Көлдөгү Чырпыкты айылынын бала бакчасында эски терезелер алмаштырылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Чырпыкты айылындагы «Нурбала» бала бакчанын эски терезелери алмаштырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Тамчы айыл өкмөт башчысы Болот Карабалаев билдирди.

Анын айтымында, бала бакча былтыр 2013-жылы колдонууга берилген. Ага чейин анын имаратында аталган айылдын мектебиндеги башталгыч класстардын окуучулары билим алып келген.

«Имарат 1 кабаттан турат. Андыктан жылуулукту сактоо макстында демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен терезелери желим терезеге алмашты», - деди Б.Карабалаев.

Маалым болгондой, терезелерди алмаштырууга кеткен каражаттын 60%ы жергиликтүү бюджеттен, калган 40%ы демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.

Белгилей кетсек, учурда «Нурбала» бала бакчасында 100дөн ашуун бала тарбияланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×