Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.11.2014 11:15

Фото - Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү көк-бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрүнө автоунаа жана «Жети Аке» кубогун тапшырды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун 75 жылдык мааракесине карата облуста эки күн катары менен иш-чаралар өткөрүлдү, деп билдирет өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иш-чаралардын бири «ат чабыш», «көк бөрү» улуттук ат спорт оюндары боюнча мелдештер өткөрүлдү.

«Көк бөрү» мелдеши боюнча финалга эки команда чыкты, алар Түп жана Ысык-Көл райондорунун командалары. Башкы белек болгон автоунаанын ачкачын Ысык-Көл районунун Бостери командасы утуп алды.

Ошондой эле, «ат чабыш» мелдешинин жеңүүчүлөрү «Джип» үлгүсүндөгү автоунаа жеңип алышты жана «Жети-Аке» кубогун «Ибарат» аталыштагы атынын ээси Чүй облусунун Аламүдүн районунан келген Айдар Утуров жеңип алды, ал эми үчүнчү автоунааны Опель жана «Жорго боюнча -Жети-Аке» кубогу тапшырылды. Ошондой эле, 2-3-орундарга 20 миңден 50 миң сомго чейинки акчалай сыйлык тапшырылды.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусу 75 жылдыгын өткөрүп, анын алкагында 3 мектеп ачылып, түшүм майрамы белгиленип, айыл чарба продукциясынын жарманкеси жана ат спорттук оюндары өткөрүлдү, ага коомдук ишмерлер, КР ЖК депутаттары, КР өкмөтүнүнү жана башка облустардын өкүлдөрү, облустун жашоочулары катышышты.

А 1

А 2

А 4

А 3

А 5

А 6

А 7

А 8

А 9

А 10

А 11

А 12

А 13

А 14

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×