Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 25.11.2014 11:39

Ысык-Көл районуна быйыл туристтик сезондо 750 миң эс алуучу келди

Turmush -  Ысык-Көл районуна быйыл, 2014-жылы туристтик сезондо 750 миң эс алуучу келди. Бул тууралуу Ысык-Көл райадминистрациясынан маалым болду.

Билдирүүгө ылайык, мурунку 2011-жыл менен салыштырмалуу туристтердин саны 680 миңге өскөн. Акыркы 4 жылдын көрсөткүчү боюнча эң көп 1 млн 57 миң эс алуучу келген. Алардын ичинен 503 миңи жеке сектордо, жеке эс алуу үйлөрүндө, ал эми 554 миңи чоң пансионаттарда эс алган.

Белгилей кетсек, 2013-жылы Ысык-Көл районуна 650 миң турист келип, алардын басымдуу бөлүгү пансионаттарда жана жеке эс алуу үйлөрүндө токтошкон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×