Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 25.11.2014 12:51

Жыл башынан бери Ысык-Көл районуна келип кеткен туристтерден түшкөн киреше 140 млн сомду түздү

Turmush -  Ысык-Көл районуна үстүбүздөгү жылдын 10 айында келип кеткен туристтерден түшкөн кирешенин көлөмү 140 млн 100 миң сомду түздү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2011-жылы райондун туризм тармагын өнүктүрүүгө түшкөн киреше 122 млн 900 миң сомду түзсө, 2012-жылы 154 млн 500 миң сом түшкөн.

Салык кызматы менен 45 пансионаттын жана эс алуу үйлөрүнүн ортосунда 2012-жылы түзүлгөн салыктарды убагында төлөө боюнча келишимдин натыйжасында бул жылы план 7 млн сомго көп аткарылды.

2013-жылы кире 152 млн 700 миң сом болгон. Быйылкы жылы дагы Салык кызматы менен 37 пансионаттын ортосунда салыктарды убагында төлөө боюнча контракттык келишим түзүлгөн. Анын жыйынтыгында 28 млн 500 миң сом чогултулган.

Жыл башынан бери Ысык-Көл районундагы ири курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелеринен жана пансионаттардан түшкөн киреше 140 млн 100 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле, райондук мамлекеттик администрация аталган мекемелердин арасында түзүлгөн салыкты өз убагында төлөө тууралуу келишимдер райондун экономикалык абалынын өнүгүшүнө оң натыйжасын берүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×