Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 01.12.2014 18:15

Ысык-Көл районунда диний көз караштан улам 7 бала мектепке барбай келет

Turmush -  Ысык-Көл районунда диний көз караштан улам 7 бала мектепке барбай келет. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук администациясынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунда 30 мектеп бар. Райондо диний көз караштан улам 7 бала мектепке тартылбай келет. Ананьево айылында 1 үй-бүлөдөн 3 кыз, Темир айылынан 1 үй-бүлөдөн 3 бала, Кашат айылынан 1 бала диний көз караштан улам окубайт.

Ал үй-бүлөлөрдүн балдары мектепти 6-класста, 4 –класста, 3-класста таштап койгон. Арасында 1-класска кирбегени да бар.

Атайын комиссия алардын үй бир нече жолу барганы менен ата-энелери, мугалимдерди, укук коргоо органдарын да тоотпой турушат.

Диний себептен балдардын окууга жибербей жаткан ата-энелердин бири үйүнө намазкана ачып алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×