Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 15.12.2014 12:55

Бактуу-Долоноту айылындагы «Ак кайың» балдар бакчасы капиталдык оңдоодон өтүп жатат

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы «Ак кайың» балдар бакчасын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоо жумуштары үчүн Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун эсебинен өткөн жылы 1 млн 960 миң сом бөлүнгөн.

Бостери айыл аймагынын башчысы Тимур Айылчиевдин айтымында, учурда бала бакчасынын имаратынын ичи, жылытуу системасы, электроэнергия жана канализациясы, ошондой эле суу камсыздоо иштери жүрүп жатат.

«Мурда бул бала бакчанын имараты «Мээрим фондуна» карачу. Келээрки күз айларында бала бакчаны пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз. Ремонт иштери жакында бүткөрүлөт. Бирок керектүү инвентарлар, идиш-аяк, эмерек, окуу куралдары жан башка зарыл болгон каражаттарын алуу дагы бир топ акчаны талап кылат. Биз бул максаттарга жетүү үчүн керектүү акча каражатын издеп жатабыз», - деди ал.

Эгерде бул бала бакча эксплуатацияга берилсе, 140 бала бакча бара алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×