Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 15.12.2014 13:10

Ысык-Көл районунда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата согуш ардагерлери үчүн тургузулган эстеликти жаңылоо иштери пландалууда

Turmush -  Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагындагы Улуу Ата Мекендик сугашта курман болгон жоокерлерге арналып тургузулган эстеликти жаңылоо иштери пландалууда.

Бостери айыл аймагынын башчысы Тимур Айылчиевдин айтымында, учурда эстеликти жаңылоо үчүн сметалык баасынын долбоору даярдалууда.

«Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жыл өткөн сайын азайып баратат. Алардын биз үчүн кылган эмгектери кайталангыс жана кээ бирлери өз өмүрүн биздин келечек үчүн курман кылышкан», - деди Т.Айылчиев.

2015-жылдын май айына чейин эстеликти жаңылоо жумуштары толугу менен аяктайт, деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×