Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 20.12.2014 11:35

Ысык-Кѳлдүн Чоң-Ѳрүктү айылынан балык уулоого чыгып, кайтпаган 2 адам табыла элек

Turmush -  Ысык-Кѳл районундагы Чоң-Ѳрүктү айылында үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында саат 15:00дө кѳлгѳ балык уулоого чыккан 1966-жылкы Э.Аширов жана 1967-жылы туулган И.Алмабеков табылган жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 4 куткаруучу жана туугандарынан 10 адам издөө иштерин жүргүзүп, натыйжа берген эмес.

Маалым болгондой, кечээ, 19-декабрда саат 14:50 издѳѳ иштери убактылуу токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×