Turmush — Бүгүнкү күндө Кыргызстанда үйлөрдүн короолорунда, бакчаларда жана башка жерлерде жыландар пайда болгону тууралуу маалыматтар жарыяланып жатат. Жашоочулар мындай учурлардын 90 пайызында жыландын уулуу же уулуу эмес экенин билбей эле, өлтүрүп салышат.
Эмне үчүн адамдар жыланды көргөндө дароо өлтүрүүгө аракет жасашат? Чын эле бул керекпи? Жыланды көргөндө эмне кылуу керек? Бул суроолорго эколог Александр Сосновский жооп берди.
«Биз "жылан уулуу" деп көнүп калганбыз. Мындан улам уулуу жыландарга (кара чаар жылан, гюрза, эфа) гана эмес, сырткы келбети аларга окшош жыландарга — сары жыландарга, муунткуч жыландарга, соймондорго да "өлүм жазасы" берилет. Керек болсо буту жок кескелдиректерди да өлтүрүшөт», - деди ал.
Анын айтымында, герпетолог адистер жыландар адамга же ири жаныбарга сейрек учурда гана кол саларын белгилешет. Уулуу жыландар өздөрүн коргоо максатында кол салат. Алар адамды көргөндө жашынууга аракет жасап, жакын жайгашкан коргонуучу жерге соймолоп кетишет. Бирок кача албай калса, чакканга чейин тегерек болуп оролуп, башын көтөрүп, бийик үн чыгарат.
«Албетте, адам, ат, кой же башка жандык жыланды басып алса, жыландын уулуу тишине урунат. Көбүнчө жыландар жылуу мезгилде жылаңайлак жүргөн балдарды чагып алышат. Ошондой эле алар үй жаныбарларына чоң зыян келтирет. Ошондуктан жыланды байкап калсаңыз, коркпой, бир нече секундга кыймылдабай, ага жашынууга, коргонуучу жайына кетип калууга мүмкүнчүлүк берүү керек. Эгер ал кол салууга даярданып жатса, анда акырын артка чегинип, тынчтануу керек. Жылан өзү эле соймолоп кетет.
Калк жашаган аймактарда, курорттук жайларда, туристтик жерлерде жана мал жайылган жерлерде уулуу жыландар болбошу керек. Калган учурларда жыландарга ырайым кылуу зарыл. Жыландардын баары Кыргызстанга чоң пайда алып келерин унутпашыбыз керек. Алар көп сандагы кемиргичтерди, сары чычкандарды, чегирткелерди жана башка зыяндуу курт-кумурскаларды жок кылат», - деди эколог.