Turmush — Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылынын тургуну Түгөлбай Абдыкадыров Байкоңур аттуу бүркүттү таптап келет. Аймактык кабарчы мүнүшкөрдөн кабар алды.
Т.Абдыкадыровдун айтымында, ал Байкоңурду 6 жылдан бери таптап келет. Ал өлкөнүн 2 жолку чемпиону болгон. Аны 2010-жылы Чер-Булак жайлоосундагы бүркүттүн уясынан балапан кезинде алып келген. Байкоңур Нарын, Чүй облустарында өткөн мелдештерге катышып, карышкыр алып, эки жолу чемпион болуп, бир нече жолу баш байгелерди уткан.
Мүнүшкөр Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Байкоңур менен катар Сыргак аттуу бүркүттү, Ышкырык аттуу ителгини таптап, катышып келген. Мүнүшкөрлүк алардын тукумунда атадан балага өткөн өнөр. Өнөрүнүн сырларын кенже баласына үйрөтүүнү пландап жатат.
Түгөлбай Абдыкадыров учурда 41 жашта, 4 баланын атасы.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.