Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 09.07.2019 10:48 На русском

Сүрөт — Ысык-Көлгө Франциядан келген туристтер бак кулаган жолду тазалашты

Turmush -  Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында Франциядан келген туристтер унаа жолго жыгылып калган бактын бутактарын тазалашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 9-июлда Өрүктү айылында катуу шамалдан улам унаа жолго бак кулаган. Туристтер өздөрү бара жаткан унааны токтотуп, жолду тосуп калган бактын бутактарын жолдун жээгине алып коюшту.

«Биз Кыргызстанга алгачкы жолу 9 күндүк саякатка келдик. Ысык-Көлдүн күнгөй жээгинде бара жатканда кулаган теректерди көрүп, айдоочуну токтоттук. Жолдошум жана унаада отургандардын баары жолду тазалоого кириштик. Бул аракетибиз жол кырсыгын алдын алат деген ойдомун», - деди меймандардын бири.

Чет элдик туристтер Кыргызстанга Нарын жана Ысык-Көл облустарын жөө кыдыруу үчүн келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×