Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 14.07.2019 17:34

Ысык-Көлгө ата-энеси менен эс алууга барган жаш кыз сууга чөгүп каза болду

Turmush -  12-июлда Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы эс алуучу жайда 15 жаштагы кыз сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, кыз көлгө эс алууга ата-энеси менен Бишкек шаарынан барган. Кырсык саат 19:00 чамасында болгон. Аны суудан атасы алып чыгып, тез жардам чакырган. Алар райондук ооруканага алып барып, бирок дарыгерлер кыз каза болгонун айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×