Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 16.07.2019 13:38

Ысык-Көлдө балдар катышкан жол кырсыктарын болтурбоо үчүн рейд өтүп жатат

Turmush -  Ысык-Көл районунун аймагында каникул учурунда өспүрүмдөрдүн катышуусунда жол кырсыктарын болтурбоо максатында рейд жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБдин ЖККК бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Тимур Кадыров билдирди.

Анын айтымында, ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери райондун аймагындагы балдар лагерлерин кыдырышып, жол эрежелери боюнча ар кандай сынактарды уюштуруп жатышат.

«Рейд учурунда өспүрүмдөргө жолдун жээктеринде ойнобоо, жолдун кесилиштеринен өтүүдө жол кыймылынын эрежелерин сактоо, көлгө түшүүдө өтө кылдат болуу керектигин түшүндүрүп жатышат. Мындай иш-чара туристтик мезгилдин акырына чейин болот», - деди Т.Кадыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×